Талас облусунда жарандык коргонуу боюнча жыл жыйынтыгы чыгарылды

2016-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дайыр Кенекеевдин жетектөөсүндө 2015-жылдын Жарандык коргонуу жаатындагы аткарылган иш-чаралардын жылдык жыйынтыгын чыгаруу жана 2016-жылга тапшырмаларды коюу боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилеринин жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын 2015-жылдагы аткарган иштери, 2016-жылга карата койгон милдеттери угулуп жана талкууланып, 2016-жылга карата калкты жана аймактарды коргоо багытында, Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн башкаруу курамынын даярдыгын уюштуруу иш-чараларын сапаттуу аткаруу максатында 2016-жылга тапшырмалар коюлду.

Облустук, райондук жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын жыл ичинде мыкты жетишкен кызматкерлери аныкталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана ӨКМнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын сыйлыктары менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан