Бүгүн, 3-февралда Бишкекте сот адилеттүүлүгүнө жетүү жана укук темасын чагылдыруу боюнча журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу астында уюштурулган.
"Журналисттер" коомдук бирикмесинин башкармалыгынан кабарлашкандай, сынакка 29 жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган 178 материал келген. Гезит-журналдар арасында 15 катышуучудан 68 макала келип, 3 адистен турган калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныкташкан.
Жыйынтыгында гезит-журналдар арасында жарыяланган сынакта "Супер-Инфо" гезитинин кабарчысы Асхат Субанбеков 1-орунду багындырды. 4 жылдан бери "Супер-Инфо" гезитинде иштеп келген
А.Субанбеков коомдук, укуктук темаларды чагылдырып келет. Ал буга чейин да көптөгөн сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Асхат Субанбековду жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.