Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери эле калктын сыртка агылуусу токтобой келет. Өлкөдөн 600 миңдей жаран туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен. Орусия Федерациясынын жарандыгын 540 миңден ашуун мекендешибиз алган. Мындан сырткары 700 миңдей адам эмгек миграциясында. Алардын ичинен Орусияда 520 миң, Казакстанда 113 миң, Түштүк Кореяда 14 миң, Түркияда 10 миң, башка алыскы өлкөлөрдө (Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, АКШ) 30 миң кыргыз иштейт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жарандардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө экономикалык факторлор жана социалдык-саясий абал себеп болууда. Чет өлкөгө агылып жаткан жарандардын санын азайтуу маселеси бүгүнкү күндө курч бойдон турат. Бул демографиялык көрсөткүчкө терс таасирин берип жатат. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз жарандарынын миграциялык сальдосу 50 миң адамды түзүп, терс көрсөткүчкө ээ.