Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 169 качкын жашайт

Кыргыз Республикасы 1996-жылдан тарта БУУнун 1951-жылкы "Качкындар статусу" тууралуу Конвенциясына жана анын 1967-жылкы протоколуна кошулуп, качкындар жана баш калка издегендер менен иштөөгө эл аралык жоопкерчилик алган. 2010-жылдын 27-июнунан тарта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы куугунтуктоого кабылган чет элдик жарандарга баш калка берүүгө милдеттүү. Учурда өлкө аймагында качкындардын саны 169га жетти: Ооганстандан 106, Сириядан 50, Украинадан 10, Ирандан 2 жана Мароккодон 1 адам. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле 2015-жылы кыргыз жергесинде качкын статусун берүү өтүнүчү менен 176 чет элдик жаран кайрылган. Өтүнүч менен кайрылгандар тууралуу УКМКга жана Террорчулукка каршы борборуна алар тууралуу маалымат алуу үчүн кабарланат. Качкын статусун берүү үчүн 95 сүйлөшүү болуп, берилген маалыматтарды текшерүү иштери өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан