"Унаалардын терезелерин караңгылатып алганды токтотууну биз, депутаттар, өзүбүздөн башташыбыз керек",- деп айтты депутат Екметкул Байпакбаев Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйында. Отурумда “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралып жаткан. Мыйзам долбоору унаалардын алдынкы терезелерин караңгылатууга тыюу салууга багытталган.
Жол-кайгуул кызматынын өкүлү унаалардын терезелерин караңгылатып алгандарга айып пулдун көлөмү 2 миң сом экенин айтты. "2014-жылдын август айына чейин унаасынын терезелерин караңгылатып алгандарга 1000 сом айып пул салынчу же 6 айдан 1 жылга чейин унаа айдоого тыюу салынып келген. Мыйзамга өзгөртүү киргизилип, бул норма жокко чыгарылып калган. Анын ордуна 2000 сом айып пул салуу каралган. Азыр ал айып пулду төлөп коюшуп, кайра караңгылатып алып жатышат. Айрым айдоочулар бир айда 2-3 жолу кармалышат",- деди Жол-кайгуул кызматынын өкүлү.
2014-жылы унаасынын терезесин караңгылатып алган 7441 айдоочу кармалса, 2015-жылы 9660 айдоочу кармалганын кошумчалады.