Унаалардын алдынкы терезелерин караңгылатууга укук бериле турган кызмат адамдарынын тизмегин аныктоо демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеңеште автомашиналардын терезелерин караңгылатуу иштерин жөнгө салууга багытталган “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастан Бекешев.

Мыйзам долбоору КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 228-беренесинин эскертүүсүн жана өкмөттүн “Автомобилдин алдынкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - караңгылатуунун болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомун КРнын Конституциясынын 16-беренесине карама-каршы келүүсүн текшерүү тууралуу кайрылуунун негизиндеги Конституциялык палатанын чечимин аткаруу максатында сунушталып жатат.

Конституциялык палата КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 228-беренесиндеги эскертүү КРнын Конституциясынын 16-беренесине карама-каршы келбейт деген бүтүмгө келген. Ошону менен бирге өкмөттүн токтомун, мамлекеттик коргоо объектиси болуп саналган саясий кызмат адамдарынын кызматтык транспорт каражаттарына, ошондой эле аларды коштоочу (эскорттоо) транспорт каражаттарынын айнектерин караңгылатууга мүмкүндүк берүүчү шартта КРнын Конституциясына каршы келбей турганын аныктаган.

Ошондон улам демилгечи мыйзам долбоору аркылуу кызматтык автомашиналарынын алдынкы терезелерин күңүрттөөгө укук бериле турган кызмат адамдары менен мамлекеттик органдарынын тизмегин сунуштоодо. Алар: президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку Соттун төрагасы.

“КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан