Борбор калаада Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтүүдө

Бүгүн, 3-февралда борбор калаадагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтүүдө.

Кече таланттуу балеринанын жашоосун чагылдырган даректүү тасма менен башталды. Белгилүү балеринаны эскерүү кечесине келгендердин басымдуу бөлүгүн жаш муундун өкүлдөрү түздү.

"Кыргыз элин дүйнөлүк аренага тааныткан туңгуч балерина быйыл 90 жашка чыкмак, бирок шум ажал ага жеткирбей, 40 жаш курагында өмүрү менен коштошту. Ал кыргыз кыздарынын, кыргыз аялдарынын образын чалгылдырган аял катары тарыхта калды. Көп кыздардын арасынан суурулуп чыгып, жөн гана балерина эмес, таланттуу балерина катары эсибизде түбөлүккө сакталат. Эжекебиз менен чексиз сыймыктанабыз. Келечегибиз маданиятсыз болбойт, ошол себептен маданият адамдарын колдоо керек. Элибизде эжекебиздей таланттар көбөйө берсин”,- деди иш-чарага катышкан Дамира Ниязалиева.

Андан сырткары ал Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу тасма тартылып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан