Бүгүн, 3-февралда өкмөт башчы Темир Сариев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынына катышып, учурдагы өлкөдөгү актуалдуу маселелер, өкмөттүн иши, алдыдагы максаттары тууралуу маалыматтарды берди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Темир Сариев "Бийик тоолуу жана жаратылыш шарты катаал алыскы аймактардагы калктуу конуштар жөнүндө критерийлерди аныктоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү" боюнча мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди. Ал бийик тоолуу жана алыскы аймактагы социалдык төлөмдөр боюнча мыйзам долбоору чыныгы муктаж болгондорго даректүү жардам көрсөтүү максатын көздөй турганын билдирди.
Анын маалыматы боюнча, учурда өлкөдөгү 1870 калктуу конуштун ичинен 789 айылдын тургундарынын маянасына жана башка социалдык төлөмдөрүнө бийик тоолуу жана алыскы аймакта жашаганы үчүн кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти аныкталып, төлөнүп берилет. Алардын ичинен 337 калктуу конуш барууга кыйын болгон аймак катары, ал эми 451 бийик тоолуу шартта жайгашкан аймак катары аныкталган. Айлык акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча каражат 2 миллиард сомго жакын каражатты түзөт.
Темир Сариев бул мыйзам долбоору боюнча мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тапшырма берип, өкмөткө “Бийик тоолуу жана жаратылыш шарты катаал алыскы аймактардагы калктуу конуштардын критерийлерин аныктоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна алып чыгууну сунуштаганын эске салды. Премьер-министр бул мыйзам долбоордун маанисин жана коомчулуктагы талкууларды эске алуу менен артка чакыртып алгандыгын билдирди.
"Мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыгат жана анын жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоого алуу маселелерин бири-бирине айкалаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт. Биздин максат – бул жаатты иретке келтирип, чыныгы муктаж болгондорго даректүү жардам берүү. Мамлекетти иретке салабыз десек, мыйзамдык жол менен тартипке келтирүү керек",- деди Темир Сариев.
"Туруктуулук, ишеним жана Жогорку Кеңештеги жаңы мүмкүнчүлүктөр" деп аталган коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан" фракциялары кирген.