Бүгүн, 3-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда жылуулук берүү түтүгү жарылды. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, буга байланыштуу Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы райондорго жылуу суу берүү убактылуу токтотулду. Учурда аталган жайда Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчилиги жана шаар башчысы абалдан кабар алып жатат. Өкмөт башчы Темир Сариевдин да келери күтүлүп жатканы айтылды.
Авариялык абал 4-февралда саат 9:00гө калыбына келтирилет.