Балерина Бүбүсара Бейшеналиеваны эскерүү кечесине келгендер орун жок экенине карабастан, тикесинен тик туруп концерт көрүштү

Борбор калаада бүгүн, 3-февралда белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Балеринанын талантына таазим кылган көрүүчүлөр залда орун калбай калганына карабастан, тикесинен тик туруп концерт көрүп, кол чаап жатышты. Сырттан улам келгендердин агымы токтогон жок.

Эскерүү кечесинин ардактуу коногу болуп балеринанын жакын туугандары, анын уулу Эрмек Аманбаев жана анын кызы Бүбүсара Бейшеналиева (кичүүсү) катышты. Кечеге маданият кызматкерлери, иш-чараны уюштурган Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кызматкерлери жана студенттери келишти.

Кеченин жүрүшүндө куттуктоо сөздөрүн айтып чыккандар кыргыз элинин Бүбүсара Бейшеналиевадай чыгаан кызы бар экенине сыймыктанышарын билдиришти. Иш-чаранын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов Ардак грамота менен сыйланды.

Эскерүү кечесине келгендерге концерттик программа тартууланып, анда кыргыз эстрадасынын жылдыздары Асел Турдалиева, Гүлнара Тойгонбаева жана башкалар ыр сунушту. Ошондой эле төкмө акын Азамат Болгонбаев жана Казакстандан атайын чакырылган конок катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан