Жолбун иттер жарандардын жана мекемелердин арыздануусу боюнча гана атылат

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолбун иттерди жарандардын жана мекемелердин арыздануусу боюнча гана атат. Арыздар телефон чалуу жана кат аркылуу түшүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Арыз кабыл алынгандан кийин кызматкерлер жолбун иттердин чогулган жерин көрсөтүп, аларды кооптуу деп эсептеген арыздануучу менен сөзсүз түрдө жолугушат. Эгер иттер агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, адамдарга кол салса же кутурма оорусу менен ооруганы аныкталганда атылат. Эрежеге ылайык, иттерди же таңкы маалда, же кечинде атышат, бирок адамды тиштеген учурда же кутурма оорусу менен ооруган ит болсо, кайсы убакта болсо да атыла берет. Санитардык тазалоо бөлүмүнүн кызматкерлери биринчи кезекте иттердин каргысын, жетелөөчү жибин, тумшук каптарынын бар же жогун текшеришет. Эгер иттин ээсинин аты-жөнү жазылган каргысы, кулагында эн тамгасы бар болсо, анын ээсинин турган жери аныкталып, ит ээсине кайтарылат.

Ал эми социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган Пригородное айылындагы окуя тууралуу мэрия төмөнкүлөрдү билдирет:
Пригородное айылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна карайт, андыктан Бишкек шаардык мэриясы ал аймакка жооп бербейт. Ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасы Лексус үлгүсүндөгү унаа аталган ишкананын автопаркында катталбаганын билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан