Чүй облусунун Жайыл районунун социалдык коргоого муктаж тургундарына бир жылда 177 миллион сом төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган райондо 650 аз камсыз болгон бала жашайт, ал эми жалпысынан Чүй облусу боюнча 4657 наристе жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн.
“Былтыр аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 4,5 миллион сом жардам катары берилген. Ошондой эле 61 миллион сом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, Баатыр энелерге, жетим балдарга төлөнгөн. Дагы 42 миллион сом ай сайын берилчү акчалай компенсация катары таратылган”,- деп айтылат маалыматта.