“Биз биргебиз!” аттуу бир айлыктын жыйынтыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 50 миллион сомго жардам көрсөтүлдү

“Биз биргебиз!” аттуу бир айлыктын жыйынтыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 50 миллион сомго жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, аталган акциянын алкагында өлкө боюнча бардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүлүп, бекер медициналык консультациялар өткөрүлдү. Ошондой эле музейлерге баруу жана түшкү тамактар кайрымдуулук катары уюштурулган.

Ал эми мамлекеттик органдар менен бейөкмөт уюмдар биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга арналган тегерек столдорду, конференцияларды, форумдарды жана спорттук иш-чараларды өткөрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан