4-февраль күнү таңкы саат 06:00 чамасында Аламүдүн районуна караштуу Дачное айылында жүк ташуучу КамАЗ оодарылып кетти. Анын кесепетинен 600 үйдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык Калинин – Северная көчөлөрүндө болгон. Жол кырсыгына кабылган жүк ташуучу унаа жогорку чыңалуудагы “Главная” көмөк чордонунун аба чубалгыларына тийип калган. Мындан улам аймактагы 15 трансформатордук станциялар иштен чыгып, азыркы учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.