Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев менен "Разум вне наркотика" дүйнөлүк лигасынын президенти, профессор Жеңишбек Назаралиев жолугушту. Бул тууралуу аталган кызматтан бүгүн, 4-февралда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда сүйлөшүү баңгизатка каршы күрөшүү, алдын алуу темаларында болду.
Баңгизаттардын мыйзамсыз жайылуусунун алдын алууда эки тарап мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу келишимге кол коюлду.