Февраль айында "Бишкек свет" ишканасы Бишкектин 6 көчөсүндө жарыктандыргычтарды оңдоп-түзөө иштерин өткөрмөкчү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана январь айында Ибраимов, Панфилов, Некрасов, Элебесов, Логвиненко жана Донецк көчөлөрүн жарыктандыруу иштерин аткарган. Февралда төмөнкү көчөлөргө жарыктандыргычтар коюлат:
- 1-10-февраль аралыгында Медеров көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 79 жарык берүүчү лампа коюлат;
- 1-10-февраль аралыгында Медеров көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 20 жарык берүүчү лампа коюлат;
- 11-18-февраль аралыгында Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 42 жарык берүүчү лампа коюлат;
- 11-18-февраль аралыгында Лев Толстой көчөсүнүн Фрунзеден Тынчтык кең көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 230 жарык берүүчү лампа коюлат;
- 19-28-февраль аралыгында Токомбаев көчөсүнүн Түштүк дарбазадан Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 320 жарык берүүчү лампа коюлат;
- 19-28-февраль аралыгында Гагарин көчөсүнүн Тынчтык кең көчөсүнөн Ак-Өргөө конушуна чейинки бөлүгүнө 277 жарык берүүчү лампа коюлат.