Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Жакып Карагул уулу алып чыкты.
Мыйзам долбоору Мамлекеттик салык кызматынын Социалдык өнүктүрүү жана материалдык дем берүү фондун рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Салык кызматынын Социалдык өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фонду республикалык бюджеттин эсебинен, салык органдарынын Эмгек акы төлөө фондунун 50 пайызы өлчөмүндө түзүлөт. Аталган фондду түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталып келген болсо, долбоор аркылуу өкмөт тарабынан аныкталары киргизилүүдө.
Бир катар талкуудан соң мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.