Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Баяндамачы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын берген маалыматы боюнча, мыйзам долбоору жеке менчикте турган жер тилкелерин коомдук муктаждыктар үчүн, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү үчүн сатып алуунун (алып коюунун) өркүндөтүлгөн механизмин киргизүүгө багытталган. Долбоор аркылуу жер тилкесин мажбурлап коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу (сатып алуу) же сатып алуу, баасын аныктоо жөнүндө иштер соттор тарабынан бир айга чейинки мөөнөттө каралуусу сунушталган.
Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.