Рамзан Кадыров социалдык түйүндөрдү активдүү колдонгондугу баарына белгилүү. Өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына социалдык түйүндөрдү кандай максатта ачканын жарыялады. Билдирүүсүндө Кадыров бул түйүндөрдүн жардамы менен өзүнүн жарандык көз карашын билдирерин жазган.
"Өлкөбүздүн коомдук-саясий жашоосундагы маселелер тууралуу өзүмдүн жарандык көз карашымды силерге жеткирүү үчүн социалдык түйүндөрдө баракчаларымды ачкам. Мындан ары мен силерге пайдалуу болом деген үмүтүм бар",- деген Кадыров.
Ошондой эле Кадыров ага пиардын кереги жоктугун, кимдир бирөөнүн кумири болууга аракеттенбегенин белгилеген. Анын айтымында, анын жазган билдирүүлөрүн ар дайым эле туура түшүнө беришпейт. Аны менен бирге социалдык түйүндөр эл арасында талаш-тартыш жаратып, өлкөнүн аброюн түшүргөн ушактар үчүн колдонулбашы керектигин жазган.