Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги 2015-жылдын башында Малайзиянын эл аралык университеттери менен кызматташтыкты жандантууну демилгелеп, мунун алкагында кыргыз мамлекетинин студенттерине малайзиялык жогорку окуу жайлардан гранттык-стипендиялык орун бөлүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.
Бүгүнкү күндө кыргыз өлкөсүнүн студенттерине 10 стипендиялык орун бөлүү боюнча Малайзиянын "KolejMentari" университетинен сунуш түшкөнүн бүгүн, 4-февралда КРнын Малайзиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалымат үчүн: "KolejMentari" 1999-жылы негизделген жеке менчик жогорку окуу жай. Башында маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар тармагында билим берүүгө багытталса, 2006-жылы өзүнүн Укук мектебин ачкан. Ал эми 2007-жылы Бизнес мектеби, андан кийин Илим жана маалыматтык технологиялар мектеби ачылган.
Кыргыз өлкөсүнүн студенттеринин малайзиялык жогорку окуу жайларда окуусу үчүн элчилик Малайзиянын башка университеттери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.