Трамп Армения менен Азербайжандын ортосундагы чатак жакын арада чечилерин айтты

Армения менен Азербайжандын ортосундагы конфликт жакында ийгиликтүү чечилет. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө болгон жолугушууда билдирди.

"Биз дагы бир маселени чечтик. Ал Армения менен Азербайжан. Аяктоого аз калды окшойт. Ийгиликтүү бүтөт",- деди ал.

Эске салсак, Армения менен Азербайжандын лидерлеринин жолугушуусу 10-июлда Абу-Дабиде (БАЭ) болуп, беш саатка жакын созулган. Алгач делегациялардын катышуусунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр жүрүп, андан соң Армения менен Азербайжандын лидерлери жеке форматта сүйлөшүү өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан