Кечээ, 4-февралда вице-премьер-министр Олег Панкратов Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
3-февралда Бишкек жылуулук электр борборундагы "Запад-3" жылуулук берүү түтүгү жарылгандыктан, Бишкектин түштүк бөлүгү бир нече саатка жылуулуксуз жана ысык суусуз калган. Буга түтүктүн эскиргени себеп болгону кабарланган. Вице-премьер-министрдин айтымында, бул авария Бишкек жылуулук электр борбору жаңылоого муктаж экенин дагы бир жолу тастыктады.
"Ошол үчүн бир нече жыл мурун Жылуулук электр борборун комплекстүү жаңылоону баштаганбыз, ал иштерди 2017-жылга бүтүрүүнү пландап жатабыз. Азыр жаңылоо процесси өз кезеги менен жүрүп жатат. Бул иштер бүткөндө БЖЭБдин кубаттуулугу 820 МВтка барабар болуп, жергиликтүү көмүрдү пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",- деди Панкратов.