Кыргыз мамлекетинде жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды. Өкмөттүн 4-февралдагы жыйынында премьер-министр Темир Сариев экологиялык көйгөйдү жоюу боюнча жашылдандыруу акциясын жүргүзүү зарылдыгын билдирди. Өлкөдө быйыл 2 миллион көчөт тигүү чечими кабыл алынды.
"Акыркы жылдары жашылдандыруу маселеси абдан начар абалда калды. Бул кемчиликти жоюу үчүн жашылдандыруу өнөктүгүн активдүү жүргүзүү зарыл. Ошондуктан атайын үч айлык жашылдандыруу акциясы жарыяланат",- деди Сариев.
Акцияга мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары активдүү катышуусу керектиги, көчөттөр менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги камсыздай турганы айтылды. Мектептерге 100 миң көчөт таратылмакчы.