Нарында 14 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Мурат Атбаев билдирди. Анын айтымында, жашы жете элек кыздын жана анын баласынын абалы учурда жакшы.
“14 жаштагы кыз 29-январда операция жолу менен көз жарды. Эркек бала төрөлүп, анын салмагы 2 килограмм 184 грамм. Учурда ымыркайдын апасы биздин оорукананын алдындагы төрөт бөлүмүндө дарыланып жатат, ал эми наристе патология бөлүмүндө. Жашы жете элек кыздын аты-жөнүн айта албайбыз”,- деди башкы дарыгер.