Темир Сариев Ош шаарындагы "Манас" Эл аралык аэропортунун филиалын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышуу учурунда "авиабилеттерге бааны төмөндөтүп, аэропорттун тейлөө сапатын жакшыртуу зарыл" деп билдирди. Бул тууралуу 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
"Аэропорттон түшкөн кирешеге Тамчы, Жалал-Абад жана Баткендеги аэропортторду реконструкциялоо керек. Быйыл Тамчы-Бишкек, Тамчы-Алматы, Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош багытындагы жаңы каттамдар ачылат. Авиабилеттерге бааны төмөндөтүп, аэропорттун тейлөө сапатын жакшыртуу зарыл, ага жараша жүргүнчүлөрдүн агымы да жогору болот. Кыска мөөнөт ичинде өлкө аэропортторун өнүктүрүү программасын ишке ашырууну жыйынтыктоо зарыл",- деди премьер-министр.
Өкмөт башчыга маалымдалгандай, 2015-жылы Ош шаарынын аэропортунун кирешеси 400 миллион сомду түзгөн, ал эми жүргүнчүлөр агымы өткөн жылдарга салыштырмалуу төрт эсеге жогорулаган. Премьер-министр билдиргендей, Ош шаарынын аэропортун реконструкциялоого 15 миллион сом бөлүнгөн, учурда мында учуп келгендер жана учуп кетүүчүлөр үчүн төрт зал курулууда.