Туризм департаментинин башчысы Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Түркияда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар маданият жана туризм тармагындагы эки өлкөнүн кызматташуусу, ошондой эле аны тереңдетүү жана бекемдөө тууралуу сүйлөшүштү. Түрк тарапка 2016-жылы Түркияда Кыргыз Республикасынын күндөрүн өткөрүү планы, ошондой эле Ысык-Көлдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болгон өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусунда өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кыргыз Республикасында өтө турган кезектеги саммит тууралуу айтылды. Түрк тарап оюнга катышуучу түркиялыктарга уюштуруу иштерине жардам беришерин билдирди.

Жолугушууга Ооганстан, Азербайжан, Камерун, Ирак, Малайзия, Индонезия, Сенегал, Судан өлкөлөрүнүн да өкүлдөрү катышышкан. Жолугушууда мусулман туризмин өнүктүрүү, бул чөйрөдөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөрдү жоюу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан