Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин маалыматына таянсак, Малайзиянын "Kolej Mentari" университети өлкөбүздүн 10 жаранын акысыз окутмакчы болду.
Элчиликтин консулу Куштарбек Шамшидовдун билдиришинче, элчилик тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөткөн.
"Кыргыз студенттерин тандап алуу жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын тиешелүү бийлик органдары өз алдынча кабыл алышы керек. Тандалган 10 студент малайзиялык жогорку окуу жайдан толук бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок талапкер окуу жайга тапшыруу процедурасы үчүн чыгымдарды, жатакана, тамак-аш, жол кире чыгымдарын өзү төлөшү керек. Учурда башка окуу жайлар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",- деп билдирди консул.
Сунушталган курстар:
1. Foundation in Science, 1 жыл, 3 семестр;
2. Diploma in Computer Forensics, 2 жыл 3 ай, 7 семестр;
3. Diploma in Islamic Banking, 3 жыл, 6 семестр;
4. Diploma in Business Administration, 2 жыл, 6 семестр;
5. Diploma in Corporate Communication, 2 жыл, 6 семестр;
6. Diploma in Creative Multimedia and Animation, 2 жыл 3 ай, 7 семестр;
7. Diploma in Marketing, 2 жыл 6 семестр;
8. Diploma in TESL, 3 жыл, 6 семестр;
9. Diploma in Special Needs, 2 жыл 3 ай, 6 семестр;
10. Diploma in Tourism Management, 2 жыл 3 ай, 6 семестр;
Маалымат үчүн: "Kolej Mentari" 1999-жылы негизделген жеке менчик жогорку окуу жай. Башында маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар тармагында билим берүүгө багытталса, 2006-жылы өзүнүн Укук мектебин ачкан. Ал эми 2007-жылы Бизнес мектеби, андан кийин Илим жана маалыматтык технологиялар мектеби ачылган.