Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна 2 миллиард сом жумшалганы айтылды

Парламентте 5-февралда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына жумшалган чыгымды иликтөөчү депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.

"Жогорку Нарын ГЭС каскады" компаниясынын төрагасы Алексанр Нарваевдин билдиришинче, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна жумшалган бардык чыгымдар 2 миллиард сомду түзгөн. "Анын ичинде 450 орундуу вахталык шаарчаны курууга 260 миллион сом, долбоордук документацияларды төлөөгө 800 миллион сом жумшалды. Андан сырткары курулуш жабдуулары сатылып алынды",- дейт ал.

Комиссия мүчөлөрү 37 миллион доллардын туура жумшалышынан күмөн саноо бар экенин билдиришти. Каскаддын курулушуна жумшалды деген чыгым иш жүзүндөгү суммага дал келбей жатканы айтылды.

Жыйынтыгында депутаттык комиссия Эсептөө палатасына ишкананын буга чейин жүргүзгөн ишине толук аудит жүргүзүү тапшырмасын берүү, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында көчмө жыйын өткөрүп, курулуштун абалы менен жеринде таанышуу чечимине келди. Андан сырткары "Жогорку Нарын ГЭСтер каскады" компаниясы депутаттык комиссияны бардык документтер менен камсыздамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан