"2016-жыл өлкөбүздө ар нерселерди камсыздандыруу жылы болуп кетти",- деди бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков.
"Камсыздандыруу маселеси өзүнчө мода болуп калды. Ар бир министрлик муну же тигини камсыздандырыш керек деп чыгууда. Эгер минте берсек, кийин тоокту же малды камсыздандырып баштайбызбы?"- деди депутат.
"Өнүккөн мамлекеттерде камсыздандыруу бар, бирок милдеттүү эмес. Ар бир жаран эгер шарты болсо, ден соолугун өз ыктыяры менен камсыздандырып коёт. Эгер кырсык болсо, ал камсыздандыруу компаниясынан зыяндын ордун толук толтура алат. Бизде болсо камсыздандыруу милдеттүү түрдө болуп, эл буга нааразы",- деди Жумабеков.