Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-февралда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы жылытуу мезгилинин өтүшү жана өлкөнүн энергетикалык системинин иши тууралуу маалымат алганын президенттик аппараттан кабарлашты.
Айбек Калиев өлкөдөгү ири энергетикалык объектилерди заманбап жаңылоо долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү, андан тышкары Токтогул ГЭСиндеги жана Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы иштер жөнүндө айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевге жылытуу мезгилинде калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого байланыштуу, ошондой эле ири энергетикалык долбоорлорду өз маалында натыйжалуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.