АКШнын президенти Дональд Трамп Армения менен Азербайжандын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
«Бул ийгиликтүү жыйынтыкка жакындап калды», — деп баа берди Трамп НАТО баш катчысы Марк Рютте менен жолугушууда.
2025-жылдын март айында Ереван менен Баку тынчтык келишиминин тексти боюнча макулдашууга жетишкенин жана мамилелерди нормалдаштырууну көздөп жатышканын жарыялашкан. Армян жана азербайжан маалымат каражаттары 10-июлда Абу-Дабиде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин жолугушуусу болгонун маалымдашкан.
Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабак маселеси боюнча көп жылдык жаңжалынын жыйынтыгында 2023-жылы таанылбаган Тоолуу Карабак республикасы жоюлуп, аймак Азербайжандын курамына өткөн. Мунун натыйжасында Карабакты дээрлик бардык армян калкы таштап кеткен.