“Сарымсак” ирригациялык тармагын курууга 16,4 миллион доллар каражат жумшалат

8-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргыз Республикасында “Сарымсак” ирригациялык тармагын өнүктүрүү долбоорун” каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин долбоору каралды. Аталган келишим долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев баяндама жасады. Министр аталган келишим айыл чарбасын өнүктүрүү жана жаңы сугат жерлерин көбөйтүүгө шарт түзөрүн белгилеп, долбоор ишке ашса, каналдын узундугу 18 чакырымды түзүп, Талас облусунун Кара-Буура районунун 4 айыл өкмөтүнө сугат суу жеткирилип, натыйжада 2000 гектар жаңы кайрак жерди сугат жерге айландыруу жана 1600 гектар мурда сугат болгон жерди кайра ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү болоруна токтолду.

Эки тараптуу келишимге ылайык, “Сарымсак” ирригациялык тармагын курууга жалпысынан 16,4 миллион доллар каражат жумшалат. Анын ичинде Ислам өнүктүрүү банкы 13,3 миллион доллар берет, ал эми кыргыз тарап 3,1 миллион доллар кошушу керек. Ушул тапта каналдын курулушу республикалык бюджеттен 2,9 миллион доллар өлчөмүндө каржыланды.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тармактык комитети макулдашуунун долбоорун жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан