ТИМ: Малайзиядагы элчилик биринчи жолу кыргыз жаштарына ЖОЖдон акысыз орун бөлдүрдү, буга чейин мындай болгон эмес

Малайзиянын алдынкы "Kolej Mentari" университети кыргыз жаштарына акысыз окуу үчүн 10 орун, Лимкоквинг креативдүү технологиялар эл аралык университети 5 орун бөлдү. Демилге Кыргыз Республикасынын аталган өлкөдөгү элчиси Кылычбек Султановдун аракети менен ишке ашууда. Элчи былтыр кыргыз жаштарына университеттерден орун бөлүү боюнча аталган окуу жайлардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Малайзиядан окуй турган кыргыз студенттерин тандап алуу шарттары кандай негизде болорун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги учурда тактап жатканын министрликтин эл аралык мамилелер боюнча эксперти Сабина Мухамелянова SUPER.KG’ге билдирди. Эксперт кыргыз жаштарын Малайзиянын ЖОЖдорунан бекер окутуу демилгеси буга чейин болбогонун айтты.

“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги талаптар кандай болорун, тандоо кандай негизде өтөрүн тактап жатат. Буга чейин мындай иш-чара болгон эмес, бул биринчи жолу болуп жаткандыктан, элчиликке ыраазычылык билдиребиз. Ал эми студенттерге коюлуучу талаптар 9-февралда иштелип чыгып, таратылат”,- деди Мухамелянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан