Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 8-февралда "Адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга берилген президенттин каршы пикирин карады.
Талкууда депутат Аида Исмаилова трансплантациялоо чөйрөсүндө иштечү адистердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу зарылдыгын айтса, депутат Лунара Мамытова медицинада улам артка кетенчиктөө орун ала берсе, аталган тармактагы өсүштү камсыздоо кыйынга турарын белгиледи.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу сунуштан биринчи мыйзам долбоорун четке кагуу сунушу добушка коюлуп, колдоого ээ болду.
Комитет “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” жана “Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга түзөтүү коэффициенттери жөнүндө” мыйзамдарына толуктоо киргизүү демилгесин да карады. Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2015-жылдын 1-сентябрынан бери карай пенсия эсептөө үчүн эмгек акынын деңгээлин 8000 сомдон 15 миң сомго жогорулатуу жагы белгиленүүдө.