Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 8-февралда “Тендерлерди, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окууда карады.
Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова тендерлерди, акциондорду электрондук форматта өткөрүү алардын ачыктыгын камсыздай турганын айтты. Катышуучулардын ортосундагы атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүүгө, коррупциялык тобокелдикти азайтууга жол ачылмакчы.
Статс-катчы азырынча тендерлер электрондук жана азыркыдай тартипте жүргүзүлө берерин, бара-бара толук электрондук форматка өтөрүн белгилеп, бизнес коомчулугу буга даяр экенин кошумчалады.
Комитет аталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.