БШК Бакирдин Субанбековду Жогорку Кеңештин депутаты кылып бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Эсенбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту. Мындай чечим БШКнын 9-февралдагы жыйынында кабыл алынганын SUPER.KG`ге комиссиядан кабарлашты. Эсенбаеванын ыйгарым укуктарын токтотуу сунушу бир добуштан колдоо тапты.

Ордуна Бакирдин Субанбеков депутат болуп бекитилип, ага мандат жана депутаттык төш белги тапшырылды.

Эскерте кетсек, "Бир бол" фракциясынын мүчөсү Бакыт Эсенбаева өз каалоосу менен депутаттыктан кетип жатканын жакында жарыялаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан