"Республика - Ата Журт" фракциясынан чыгарылган Жыргалбек Саматов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү болот

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынан чыгарылган депутат Жыргалбек Саматов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү болот. Тиешелүү чечим бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Маалым болгондой, мындай чечимди чыгарууга Ж.Саматовдун арызы негиз болду.

Эскерте кетсек, Жыргалбек Саматовго мандат берүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 11-январда чечим кабыл алган. Ага чейин мандат берүү, кайра кайтарып алуу боюнча талапкер менен БШКнын ортосунда талаш жүргөн. 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында ал ант берип, кызматына расмий түрдө киришкен. Ушул эле күнү "Республика - Ата Журт" фракциясы Саматовду өз тизмесинен чыгарганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан