Алмазбек Атамбаев менен каржы министри 2016-жылдын республикалык бюджетин талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев 9-февралда каржы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алып, тараптар 2016-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлерин жана аны аткаруу пландарын талкуулашты.

Касымалиев 2016-жылга Каржы министрлигинин ишинин багыттары, мунун ичинде 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген долбоорлорду каржылоо боюнча маалымат берди.

"Мамлекет башчы бюджеттин тең салмактуулугун жана өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, экономикалык бир калыпта өнүгүүнү камсыздоо жана жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди өз убагында толук аткаруу боюнча Каржы министрлиги менен башка мамлекеттик органдар биргелешип иштөөсү зарылдыгын айтты",- деп билдирди президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан