13-февралда Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу
Кызыл-Адыр айылында кара өрүк өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишкерлердин алгачкы жыйыны болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Жыйында биргеликте иш алып баруунун артыкчылыктары, учурда экспортко көп талап кылынган кара өрүк сорттору, экспортко чыгаруунун жолдору тууралуу талкуу болот. Ошондой эле кара өрүктү өстүрүү жана кургатуу технологиялары, керектүү техникалар боюнча маселелер каралып, Талас кара өрүк өндүрүүчүлөр кеңешин түзүү аракеттери болот.
Маалыматка ылайык, жыйындын максаты - Талас кара өрүк өндүрүүчүлөр кеңешин түзүү, кара өрүктү экспортко чыгарган ишкерлердин экспорттук потенциалын арттыруу жана ишкерлерге биргелешип иштөөнүн артыкчылыктарын жеткирүү.