Өлкөдө өткөрүлө турган ар кандай концерттердин программасын тескөөчү орган түзүү зарыл экенин SUPER.KG порталына бүгүн, 9-февралда маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергеси эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө коюлуп жаткан концерттер текшерүүсүз элге көрсөтүлүп жатат.
“Советтер Союзу маалында “Кыргыз концерт” деген атайын мекеме иштечү. Ал ар бир концерттин программасын карап, андагы талапка жооп бербеген номерлерди жаратпай салчу. Ал эми жарактууларына уруксат берип, кандай маршрут менен концерт коюу керектигин көрсөтүп берчү”,- деди министр.
Ошондой эле министр жакында Жогорку Кеңеште кээ бир куудулдардын сатирасы чектен чыгып жатканы тууралуу айтылган сөздөргө токтолду: “Сынга алынган сатирада эмне жөнүндө сөз болгону мага жете элек. Бирок аткарган куудулдар элден чыккан таланттар экен, алар мамлекеттик мекемеде иштебегендиктен, аларды тескөөчү орган жок. Кантсе да бул жерде эки тараптын тең оюн угуп көрүш керек”.