Кубанычбек Кулматов Бишкектин жаңы мэри шайлангыча ордунда иштейт. Мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетованын билдиришинче, мэрдин кызматтан кетүү арызына кол коюлду. Шаар башчылыгына шайлоо күнү дайындалып, жаңы жетекчи кызматка келгиче Кулматов ишин уланта берери айтылды.
Шаарды башкаруу милдетин өткөрүп бергенден кийин Кулматовдун башка мамлекеттик кызматка барарын Алмамбетова да тастыктап, бирок кайсы кызмат экенин айткан жок.