Бишкекте Калкты тейлөө борборунда "2 саатта паспорт даярдоо" кызматы иштей баштагандан бери паспорт алуудагы ортомчулар кескин азайды. Муну бүгүн, 9-февралда аталган борбордун иши менен таанышкан Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди. "2 саатта паспорт даярдоо" кызматы жакында эле - 2015-жылдын 19-декабрында киргизилгени менен, мындай тейлөөдөн 600дөй адам пайдаланды. Мындай кызмат көрсөтүүнүн аянтын кеңейтебиз, анткени ортомчулардын саны кыйла кыскарды",- деди Сарпашев.
Борбордогу кардарлар операторлордун орой мамилесин, кезек күтүүлөрдү айтып даттанышты. Кардарлардын бири борбордо жарандардын анкета толтуруусуна жардамдашчу кызматкерлер болушу керектигин сунуштаганы айтылды.