Ысык-Көл облусунун Түп районундагы төрөт үйүндө каза болгон 10 күндүк ымыркайдын митингге чыккан жакындары комиссиялык экспертизанын жыйынтыгына макул эмес. Бул тууралуу каза болгон ымыркайдын энеси Мадина Муратбекова SUPER.KG порталына кабарлады.
"Биз комиссиялык экспертизанын чыгарган чечими менен макул болбой, кайрадан экспертизага жибердик. Тынчтык митингине тиешелүү дарыгерлерди жумуштан кетирүү, мындан ары ооруканаларга иштөө укугунан ажыратуу талаптарыбыз менен чыктык. Митингдин катышуучуларына айыл өкмөтүнүн өкүлү, акимдин орун басары Умсунай Жапаровна келди. Акушер-гинеколог Назгүл Макешовнага барсак, ал ордунда жок экен. Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бермет Асанбекова иш бөлмөсүнөн чыкпай, талаптарды уккан жок",- деди Мадина Муратбекова.
Ал эми айыл өкмөтүнүн өкүлү жана акимдин орун басары ымыркайдын жакындарына экспертизанын жыйынтыгы келсе, тиешелүү дарыгерлер жазасын алышарын убадалашты.