Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 9-февралда "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карады.
Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, долбоор кодекстин административдик айыптарына байланыштуу жоболорун оптималдаштырууну көздөйт. Административдик айып чараларын катаалдаштыруу банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо тартибинин бекемделишине түрткү берери айтылды.
Демилгечилер банк мыйзамдарынын талаптарын бузган жеке жактарга 2 миңден 100 миң сомго чейин, кызмат адамдарына 3 миңден 150 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 250 миң сомго чейин административдик айып салуу чарасын сунуштоодо.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору жактырылып, парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.