Ош шаарынын Раззаков көчөсүнө мыйзамсыз коюлган соода контейнерлери алынды. Шаардык мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын бөлүм башчысы Эшполот Аматовдун билдиришинче, соода күркөсүнүн мыйзамсыз жайгашканы боюнча шаар тургундарынан арыз түшкөн. "Текшерүүдө аталган көчөдө 40 жана 5 тонналык эки контейнер тротуарга туура эмес коюлганы аныкталды. Жыйынтыгында аларды алдыруу чечимине келдик",- деди Аматов.
Мэрия өкүлү мыйзамсыз курулуштарды бузуу иши улантыларын кошумчалады.