Бишкектеги карды түнү менен 510 көчө шыпыргыч жана 30 Жолду эксплуатациялоо башкармалыгынын кызматкери тазалады. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 9-февралдан 10-февралга караган түнү “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары жолдорду жана жөө жүрүүчүлөр басчу жолду көп түшкөн кардан жана тоңуп калган муздан тазалашты.
“Бул иштерге жалпысынан 17 кум чачкан унаа, 4 трактор, 5 грейфердик жүктөөчү унаа тартылган. Шаардык жолдорго 443 тонна кум жана 33 тонна туз чачылды. Бүгүн күндүз “Тазалыктын” кызматкерлери шаардыктардан түшкөн билдирүүлөр боюнча, башкача айтканда, муз тоңгон, кооптуу жерлерди тазалашат”,- деп айтылат маалыматта.