Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын атынан Евразиялык экономикалык комиссияга кызматка барат. Муну 10-февралда SUPER.KG порталына өкмөттөн жеке булактар билдиришти.
Белгилей кетсек, Кулматов мэрликтен кийин башка жооптуу кызматка дайындаларын кечээ мэриянын өкүлү Гуля Алмамбетова тастыктаган эле.
Бишкектин мэри 9-февралда өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазып, анын отставкасы жөнүндө буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгон. Мэрдин милдетин аткаруучу болуп Айгүл Рыскулова дайындалды.