Бүгүн, 10-февралда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатылышы дагы көтөрүлдү. 9-февралда 1 доллар 72 сомдон сатылып алынып, 73 сом 80 тыйындан сатылып жаткан. Бүгүн (саат 8:40ка карата) 1 доллар 74 сом 30 тыйындан сатылып алынып, кайра сатылышы 75 сом 50 тыйынга чыкты.
2015-жылдын декабрь айында доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 1 доллар 78 сомго бааланып калган эле.