Жогорку Кеңешке жаңыдан депутат болуп келген Бакирдин Субанбеков ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-февралда өтүп жаткан жыйынынын жүрүшүндө "Бир бол" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген Бакирдин Субанбеков ант берди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Бакирдин Субанбековду ант берүү аземи менен куттуктап, анын эл өкүлдүк ишине ийгиликтерди каалады.

Депутат ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Белгилей кетсек, Бакирдин Субанбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бакыт Эсенбаеванын ордуна келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан