Өкмөт Орусиянын Москва шаарында өрттөн каза болгондордун сөөктөрүн кыргыз жерине алып келүү үчүн 700 миң сом бөлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Москвада жумушчу жыйында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Айта кетсек, Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүү ишканасындагы өрттөн 12 адам, анын ичинен 3 кичинекей бала каза тапкан. Алардын ичинде 8 кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан экиден адам болгон. Адам өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Өрттөн каза болгон кыргыздардын жакындары 2-февралда Орусияга учуп кетишкен. 3-февралда КРнын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери соттук-медициналык бюронун эксперттери менен жолугушуп, ДНКнын анализдерин тез арада чыгарып берүүнү суранышкан. Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда ДНК анализдери чыкканын кабарлады. Каза болгон кыргыз жарандарынын сөөктөрү туугандарына берилип, "Жүк-200" кыргыз жерине алынып келет.